Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:20

Түндүк Ирландиядагы кагылышта журналисттин өмүрү кыйылды


Лондондерридеги кагылыш. 18-апрель, 2019-жыл.
Лондондерридеги кагылыш. 18-апрель, 2019-жыл.

Бейшембинин кечинде Түндүк Ирландиянын Лондонерри шаарындагы кагылышта журналист Лира Макки оор жараат алып, ооруканада көз жумду. Бул тууралуу жергиликтүү полиция билдирүүдө.

Макки 29 жашта болчу, ал Түндүк Ирландиядагы куралдуу жаңжалдардын кесепеттерин иликтеп жүргөн.

Полиция башчысынын жардамчысы Марк Гамильтон ал жакка өздөрүн диссидент-республикачылар атаган топ ушул дем алыштарда чабуул койгону жатат деген кабардан улам барышканын билдирүүдө. 18-апрелде түнкү 11лер чамасында барган учурда полиция тарапка бензин куюлган бөтөлкөлөр ыргытылып, автоунаалар өрттөлгөн. Журналистке полиция тарапка атылган ок жаңылганы айтылууда.

"Биз муну террордук акт деп эсептейбиз. Биз муну диссидент-республикачылар жасаган зомбулук деп ишенебиз. Учурда мунун артында “Жаңы ИРА” турат деп болжоп жатабыз. Бул биздин иликтөөнүн негизги өзөгүн түзөт", - деди Марк Гамильтон.​

"Жаңы ИРА" же өздөрүн Ирландия республикалык армиясы атаган аскерлешкен топ Түндүк Ирландия менен Ирландияны бириктирүү керек деп талап кылып келет. Эки тараптын ортосундагы отуз жылдык согушка чекит койгон элдешүү келишимин жокко чыгарууну көздөшөт. Буга чейин Британиянын аймагындагы бир катар чабуулдарга жоопкерчилик алып келген.

Түндүк Ирландия Британиянын курамында. Ал эми Ирландия өзүнчө эгемен өлкө.

XS
SM
MD
LG