Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:19

Казакстанда туристтик полиция түзүлдү


казак полициясынын автоунаасы
казак полициясынын автоунаасы

Казакстандын ички иштер министри Ерлан Тургумбаев өлкөдө туристтик полиция түзүлгөнүн билдирди. 19-апрелдеги жыйында министр бул кызматтагылар конокторго “кеңеш жана маалымат берип, алардын коопсуздугун камсыздайт” деди.

ИИМдин маалыматына караганда жаңы түзүм борбор Нур-Султан менен Алматы шаарларында, андан тышкары Алматы, Акмоло, Түркстан жана Чыгыш-Казакстан облустарында иштейт.

Туристтик полициядагылар “казак, орус, англис тилдерин, мекенинин тарыхын билиши шарт. Ошондой эле адам менен тил табыша билип, ыкчам иштеши керек” деп жазылат Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Борбор Азияда туристтер үчүн тартип сакчыларынын бөлүмү алгач 2017-жылы декабрда Өзбекстанда ачылган. Тажикстанда аталган бөлүм 2018-жылдын июлунда чет өлкөлүк төрт турист өлтүрүлгөндөн кийин негизделди. Кыргызстанда 2018-жылдын 28-декабрында туристтик милиция түзүлүп, Бишкекте иш алып барууда.

XS
SM
MD
LG