Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:49

Сот Айбек Калиевди 2,5 жылга кести


Бишкектеги Жылуулук электр борбору.
Бишкектеги Жылуулук электр борбору.

Бүгүн, 19-апрелде Биринчи май райондук соту Айбек Калиевге жана Бишкектеги ЖЭБдеги кырсыкка байланыштуу айып тагылган жетекчилерге өкүм чыгарды.

Анда сот Айбек Калиевди 2,6 жылга кесип, 100 миң сом айып пул салды. "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун мурдагы генералдык директорун 4 жылга кесип, 150 миң сом айып пул салды. Ушул эле коомдун мурдагы төрага орун басары 8 жылга кесилип, 150 миң сом айып пулга жыгылды. Улуттук энергохолдингдин төрага орун басары Нурлан Садыков 2,5 жылга кесилип, 100 миң сом айып пул төлөй турган болду. ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркулов 4 жылга кесилип, 150 миң сом айып пулга жыгылды.

Айып пулдан сырткары сот күнөөлүү деп табылгандарды мамлекетке 3 млн. 212 миң 259 сом төлөп берүүгө милдеттендирди.

Бишкек ЖЭБиндеги акыркы кырдаалга байланыштуу беш кылмыш иши козголгон. Учурда бул иштердин экөө боюнча өкүм чыкты. (KR)

XS
SM
MD
LG