Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:15

«Ынтымактуу конуштар» спартакиадасы өтүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда «Ынтымактуу конуштар лигасы» аттуу спартакиада өтүүдө.

Анда 10 пилоттук жаңы конуштардын (Ак-Ордо, Рухий-Мурас, Жеңиш, Көлмө, Калыс-Ордо, Мурас-Ордо, Ак-Тилек, Бакай-Ата, Эне-Сай, Ак-Бата) 18 жаштан өткөн жашоочулары футбол, волейбол, аркан тартыш жана дене көнүгүүсү боюнча нормативдерди тапшырышат.

Бул демилге БУУ менен биргелешкен долбоордун алкагында Бишкек мэриясы жана БУУнун үч агенттиги – ЮНФПА (Калкты жайгаштыруу фонду), ЮНИСЕФ (БУУнун Балдар фондусу), БУУ БКБ (Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы) тарабынан өткөрүлүп жатат.

Финалдык оюндар май айында да болмокчу.

Иш-чаралар «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы менен бирге уюштурулган. (BCh)

XS
SM
MD
LG