Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:14

Китеп окубаган элди коногу бийлейт


Иллюстрация
Иллюстрация

Жазуучу Аким Кожоевдин китеп жана китеп окубай бараткан кыргыз коому тууралуу блогун сунуштайбыз.

Мына сен Толстойду, Достоевскийди, Чеховду, Хемингуэйди, Томас Маннды, Гессени, Махфузду, башка да толгон-токой дүйнөлүк атактуу инсандарды билем деп мактанасың. Ч. Айтматовду кайра-кайра окуйсуң. Дүйнөлүк мыкты кинорежиссёрлордун чыгармалары менен таанышмын деп көкүрөк кагасың.

Университетте жүргөндө үйрөнбөй калдым эле, искусствону түшүнүшүм керек деп Поль Валерини (тишиң жакшы өтпөсө да), Эжен Фромантендин «Эски устаттарын», Тарковскийди, Базенди, Хосе Ортега-и-Гассетти жана башкаларды окуп чыктың.

Улуу Чыңгыз окуган экен, макалаларында, маектеринде мактаптыр деп Фолкнерди канча жолу колго алып, бирок аягына чыккан жоксуң. Аны түшүнүүгө даярдык, камылгаң жетпедиби же Чыңгызды тамшандырган жазуучу сенин бүйүрүңдү кызыта албадыбы, айтор, бир да чыгармасын окуп бүтпөдүң. Деги айтчы (сенден сураныч, рухий дүйнө, рухий байлык дегениңди бир жолу оозанбай эле коё турсаң), ушул билгендериңдин, окугандарыңдын сага пайдасы тиеби? Кара жаныңа арачы болуп, көр тиричилигиңе аз да болсо кол кабыш кылабы? Же окуган китептериң Пушкиндин эски тепшисиндей көр оокатыңдын бүтөлүшүнө огожо болбосо же жыртык-тешигиңди жамабаса, же сени элге таанытып, атак-даңк (мейли супарасы курук болсо да) алып келбесе – аларыңдын кимге кереги бар да, аларыңа ким таңсык дейсиң!

Алыска барбай, бир жолу айлана-тегерегиңе эле көз чаптырып көрчү: сенден эки-үч жыл кийин көчүп келген кошуналарың кабат-кабат там салып, катар-катар машине минип жүрүшөт. Сенин мындан алты жыл мурда баштаган мончоң жерпайы да түптөлбөй, куру кыял бойдон турат. Тоголок Молдонун «Иттин доолдай тиктирем» деген тамсилиндей, кышта кыйналып, бала-чакаң кулак-мээңди жей баштаганда жаз алды менен баштабасамбы деп катуу чамынасың да, жаз келгенде чама-чаркың жетпей, адаттагыдай эле кийинки жылга калтырасың. Береги күзгү плащың беш жылдан бери үстүңдөн түшпөй, аны жаңысына алмаштыруу да Гоголдун «шинелиндей» утопияга айланып баратат. Же балдарыңды аттуу-баштуу мектепке окута албасаң, же элчилеп бир жолу киного, театрга ээрчитип бара албасаң, же байкуштар жайды жайлай көлгө түшпөсө, жайлоого же тоого чыкпаса, кана айтчы, окуган китептериңден эмне ийги? Чет өлкөгө чыгып саякаттап келүү сен үчүн эл космоско учкандай эле кеп. Ал эми туулган айылыңа төрт жылдын жүзү дегенде араң жеттиң. Ана тиги бет маңдайыңдагы кошунанын жашы сенден эки эсе кичүү баласы жогорку окуу жайын мындай кой, мектепти да түзүк окуган эмес, сен окуган китептердин бирин да барактаган эмес, бирок жашоосу сенден он эсе, керек болсо жүз эсе жакшы. Отуз-кырк миң долларлык машинеси менен жума сайын балдарын шаарга чыгарып ойнотуп келет, ата-энесин да эч кимден, эч нерседен кем кылбай багып жатат.

Өзүң го мейли дейли, болору болдуң, жок дегенде балдарыңдын убал-сообунан коркпойсуңбу, минтип жетинбей жүрө берсең, алардын эртеңки күнү, келечеги кандай болот? Азыр баарын акча чечип калганын качан түшүнөөр экенсиң? Же сен өлөр-өлгөнчө сенек философияң менен жашап жүрө бересиңби? Өзгөрбөйсүңбү? Кечээги жаш балдар бүгүн күргүштөтүп акча таап сенден өйдөсүнөт, сени тоготпогондой мамиле кылат – эч болбоду дегенде ошолорду көрүп намыстансаң боло, ошолорду көрүп өзгөрсөң боло!

- Сен ар нерсени айтып көп башты оорута бербечи, өзүң китеп окубагандан кийин китептин баркына кантип жетмек элең, китептин маанисин кантип түшүнмөк элең? Билсең, китеп – өмүрдүн, жашоонун, тирүүлүктүн башаты. Китеп болбогондо дүйнө эбак эле жок болуп кетмек. Эң биринчи Сөз болгон деген даанышман кепти уккан эмес турбайсыңбы? Түшүнгөн, билген адамга Китеп, Сөз – булар Кудайдын символу. Же Жараткандын амири адамзатка Китеп, Сөз аркылуу жеткени жалганбы? Демек, жакшы китеп окубаган, нускалуу кеп укпаган адам Кудайдан эле алыстабайт, ал адамдык нарк-насилин жоготот, өзүндөгү улуу касиеттерден ажырайт, ач курсактан, байлык-бийликтен башканы ойлобогон кибир жанга, бир бечара макулукка айланат. Мейли анын чексиз бийлиги болсун, мейли анын ашып-ташып жаткан байманасы болсун, бирок анын көкүрөгү сокур, көөдөнү бош, келечеги караңгы.

Эң жаманы, эң коркунучтуусу андайлардын кесири, каргашасы жалпыга тиет, жалпы элдин болочогуна балта чаап, жалпы элди туңгуюкка камайт.

Китеп окубаганыбыз үчүн кайдыгербиз, китеп окубаганыбыз үчүн шайлоолордо арзыбаган тыйынга ар-намысыбызды, абийирибизди сатабыз, китеп окубаганы үчүн мамлекеттин, улуттун тагдыры чечиле турган өтө орчундуу маселеде айрым атка минерлер өз камын ойлоп, чыккынчылыкка барууда. Китеп окубаганы үчүн бийлик башындагы чоңдорубуз эки сөздүн башын кошуп жаза албай, дүйнөгө уят болуп жатабыз. Китеп окубагандыктын кесепетинен коррупционерлердин, бандиттердин, мителердин, мандикерлердин, саясий сойкулардын өлкөсүнө айландык. Китеп окубагандыктан бизди коногубуз бийлеп калды. Китеп окубагандыктын айынан аталарыбыз, апаларыбыз карылар үйүндө жатат, китеп окубагандыктын айынан эл намысына жараар азаматтарыбыз түрмөдө жатат.

Китеп окубай калгандыктан кутубуз качты, пейилибиз бузулду, ак-караны айырмалабай калдык, уурулук, мамлекетти талап-тоноо, эл байлыгын оңду-солго чачуу көнүмүшкө айланды. Китеп окубай калгандыктан байкуш мугалимдерибиз менен дабагелерибизди сурамчылардын абалы жеткирдик. Китеп окубай калгандыктан мыйзамдар иштебейт, китеп окубагандыктан өсүш жок, өзгөрүш жок. Китеп окубагандыктан рухий тирек-жөлөк болор баалуулуктарыбыздан кол жууп жатабыз, китеп окубагандыктан улутту, мамлекетти, жалпы элди бириктире турган, уңгу-уютку боло турган идеологиябыз жок. Китеп окубагандыктан биз жалпы бир максатка, улуу мүдөөгө баш коё албай карайлап турабыз. Китеп окубагандыктан туш-тарабыбызды түркөйлүк, караңгылык каптады. Маданиятыбыз өксүп, көрөңгөбүз бөксөрдү, жан дүйнөбүз жардыланып, рухий туңгуюкка, руханий каатчылыкка туш болдук. Турмушубуздун чар тарабын наадандар, эки жүздүүлөр, шылуундар, кара күчкө табынгандар ээлеп, абийирди туу тутуп, таза, ак жашаган адамдарга коомдо орун калбай барат.

Эсиңде болсун, дүйнөнү бир сактап калса, ыйман-ынсап, акыл-эс, илим-билим, рухий дөөлөт гана сактап калат. Ал эми булардын негизги булагы, түпкү башаты китепте, китеп болгону үчүн биз барбыз, китеп болгону үчүн тирүүлүк бар!

Достоевскийдин Голядкини сыяктуу мен дагы өзүмдүн «двойнигим» менен кээде ушинтип талашып-тартышып, кызыл чеке болгонго чейин барабыз. Бирде ал жеңсе, бирде мен жеңем. Бирде анын аргументтери, жүйөсү үстөмдүк кылса, бирде меники үстөмдүк кылат. Айрым учурларда өз чындыгыма өзүм күмөнсүгөн, шектенген, ишенимимди жоготкон күндөрүм да болот. Бирок китепке болгон урмат-сыйым, китепке болгон ишенимим эч качан жоголгон эмес. Ошондуктан жакшы китеп – бул бакыт-таалайдын ачкычы деп эсептейм. Көп китеп окуган адам өзүн да, өзгөнү да сыйлаганды билет, башкалардын маданиятына, динине, тилине өтө абай мамиле кылат. Эч качан бирөөлөрдү кемсинтпейт, басынтпайт, өз баалуулуктарын башкалардыкынан жогору койбойт, т.а. бөлөктөрдүн тилин, маданиятын, үрп-адат, каада-салтын дүйнөнүн мозаикасы, көп түрдүүлүгү катары кабыл алат.

Өткөн кылымдын аягында, университеттин акыркы курсунда окуп жүргөндө немистин атактуу жазуучусу, Нобель сыйлыгынын ээси Герман Гессе тууралуу угуп, анын китептерин окууга абдан дилгирленип калдым. Улуу көсөмүбүз Чыңгыз Айтматовдун өзү да Гёссенин чыгармалары менен алгач таанышканда катуу таасирленип, таптакыр күтпөгөндөй жаңы дүйнөгө, адабияттын жаңы ааламында туш келгендей болдум деп жазганы аталган сүрөткерге болгон менин кызыгуумду андан бетер күчөттү. Күнү-түнү Гессени окусам экен деп дегдечү болдум. Бир күнү негизинен орус тилиндеги китептер сатылган китеп дүкөндөн мен чыгармаларын издеген жазуучунун «Кымкап оюн» («Игра в бисер») деген китебин көзүм чалып, апкаарый түштүм.

Мына мен көптөн бери издеген жазуучунун китеби! Тилекке каршы, мени куштарланткан китепти сатып алууга кудуретим жетпеди. Баасы 600 сом экен. Жарандык согуштун капшабы али кете элек алыскы Жерге-Талдан келип окуп жаткан менде мындай акча жок эле. Кийин окууну бүтүп Тажикстага кетип, он жылдан ашуун ошоякта жашадым. Айылда жаңы китептер жок болгондуктан, убакыт болуп калса эскилерин кайта-кайта окуй берер элем. Достоевскийдин «Көк мээсин» үч жолу, «Карамазов бир туугандарын» эки жолу окуп чыктым окшойт.

2008-жылы Орусияга жумушка кетип, курулушта иштеп тапкан алгачкы маянамды алар замат Екатеринбург шаарын аралап, китеп дүкөн издеп жөнөдүм. Облустун борбору болгондугуна карабай, Екатеринбургда бир канча китеп дүкөнү бар экен. «Жүз миң китеп» («Сто тысяч книг») деген дүкөндүн чоңдугу, китептердин көптүгү, ар түрдүүлүгү, тематикасы боюнча ушунчалык иреттүү бөлүштүрүлүп жайгаштырылгандыгы, бир эле китептин мукабасынын жасалгасына, сапатына жараша арзан жана кымбат баада сатылышы мени оголе таң калтырды. Бул китеп дүкөндөн дээрлик бардык издеген китебиңди тапсаң болчудай экен. Залкар жазуучу Ч. Айтматовдун «Тоолор кулаганда» деген соңку романын биринчи жолу ошол китеп дүкөндөн көрдүм. Аталган шаардагы ар бир китеп дүкөндөн атактуу жердешибиздин көптөгөн китептерин табууга болот. Дүйнөлүк адабияттын дөө-шаалары сыяктуу Ч. Айтматовдун чыгармаларын да Орусиянын ири басмалары жыл сайын жаңыртып чыгарып турат экен.

Дегеле орустардын китеп окуу маданиятын, алардын китепке болгон мамилесин көрүп туруп, бир республиканын борбору - Бишкек шаарындагы мен студент кездеги китеп дүкөндөрдүн абалын көз алдыма келтирип, зээним катуу кейиди. Бирок анча-мынча жаңы китеп дүкөндөрү ачылганы эле болбосо, бул жагынан бизде али да болсо алгылыктуу жылыш жок. Айрыкча улуттук тилдеги китеп дүкөндөрдүн аздыгы аябай өкүндүрөт.

Ошентип, окусам экен деп он жылдан ашуун эңсеген «Кымкап оюнду» ушул дүкөндөн таптым. Баарын болбосо да Гёссенин негизги чыгармаларын Орусияда жүргөндө сатып алып окуп чыктым. Ал эми бүгүн не бир сонун китептерди арзыбаган акчага көчөдөн да таап окусаң болот. Айрымдары эле жок болбосо, Интернеттен каалаган китебиңди табасың. Бирок, тилекке каршы, китепти баалап окуган, китептин кадырына жеткен адамдар өтө азайып баратат.

Менин сунушум, мамлекеттик жогорку кызматтарга барып жаткан кишилерге эле эмес, бардык мамлекеттик чиновниктерди майда-чүйдөсүнө карабай «Манасты», Ч. Айтматовдун чыгармаларынын бүт баарын окуп чыгууга милдеттендирүү керек. Анткени жакшы китеп окуган адамдын көзү ачылат, жан дүйнөсү жарыйт, өзүн таанып-билет. Дүйнө таанымы кеңейет. Андай адам күнүмдүгүн эмес, түбөлүгүн ойлойт, жеке керт башынын кызыкчылыгы үчүн гана эмес, жалпы элдин, мамлекеттин же улуттун кызыкчылыгы үчүн да жашап, жаман ишке баруудан тартынат.

Мамлекет үчүн мыкты мыйзамдар канчалык зарыл болсо, өз жарандарынын ички маданиятын калыптандыруу, аларды рухий жактан өстүрүп-жетилтүү да ошончолук зарыл. Мындай инсандарды мыйзамдын катуу талабы менен көзөмөлдөөнүн да кереги жок, себеби алардын өздөрүнүн ички мыйзамы, ички талабы, ички бузулбас тартиби бар, башкача айтканда, андайлар дайыма «ыйман кредосун» (Ч. Айтматов) туу тутуп жашайт.

Аким Кожоев, жазуучу

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG