Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Апрель, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:44

Помпео Кабул менен талибдерди сүйлөшүүнү жандандырууга үндөдү


АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео ооган президенти Ашраф Ганиге телефон чалып, «Талибан» кыймылы менен сүйлөшүүлөр кийинкиге жылдырылганына өкүнүчүн билдирди. Мамлекеттик департамент кабарлагандай, Помпео 21-апрелдеги телефондук сүйлөшүүсүндө талибдердин «жазгы чабуулдарын баштаганы» тууралуу билдирүүсүн да айыптаган.

250гө чукул ооган саясатчылары жана жарандык коомдун өкүлдөрү 19-апрелде Катардын баш калаасы Дохада «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү менен жолукмак. Бул талибдер менен Кабул өкмөтүнүн соңку бир канча жыл ичиндеги биринчи сүйлөшүүсү болору күтүлүп жаткан.

Бирок бул жолугушуу 18-апрелде ооган делегациясынын курамы жана көлөмү боюнча пикир келишпестиктен улам өтпөй калды.

«Мамлекеттик катчы Дохада оогандардын инклюзивдүү диалогу болушунча тез башталышы үчүн бардык тараптарды убакытты колдон чыгарбоого, катышуучулар боюнча мунаса табууга чакырат» деп айтылат АКШнын Мамлекеттик департаментинин билдирүүсүндө.

Кошмо Штаттардын расмий өкүлдөрү буга чейин бир нече жолу «Талибан» кыймылы менен Катарда өзүнчө сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Акыркы жолу ооган бийлигинин талибдер менен кеңири жолугушуусу 2015-жылы өтүп, ал майнапсыз аяктаган эле.

XS
SM
MD
LG