Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:56

«Азаттыктын» Жалил Атамбаев жөнүндө иликтөөсүнүн негизинде териштирүү башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Азаттыктын» кабарчысынын «Ош: салыктан буйтаган "ишкерлер"» видеоиликтөөсүнөн соң Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) текшерүү иштерин баштады. Көрсөтүүдө айтылган фактылар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Иликтөө иштери Жазык кодексинин 232-беренеси («Салык төлөөдөн жана милдеттүү төлөмдөрдөн качуу») менен текшерилип жатат. Иштин чоо-жайын такташ үчүн ыкчам иликтөө тобу түзүлүп, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат.

Журналист Ыдырыс Исаковдун «Ош: салыктан буйтаган "ишкерлер"» аттуу иликтөөсү 17-апрелде «Ыңгайсыз суроолор» теледолбоорунун алкагында жарыяланган. Анда Кыргызстанда көмүскө экономиканын кесепетинен казынага жыл сайын 40 миллиард сом салык түшпөй жатканы айтылып, салыктан качкан «ишкерлер» көрсөтүлгөн. Мисал катары Ошто ишкер Жалил Атамбаевге таандык экендиги айтылган бир нече компания бюджетке салык төлөбөй келатканы сөз болот. (SE)

XS
SM
MD
LG