Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 23:51

Эл аралык байкоочулар украин шайлоосун кубатташты


Украинадагы президенттик шайлоодо жеңүүчү аталган актер Владимир Зеленский.

Эл аралык байкоочулар Украинада президенттик шайлоо ачык-айкын өткөнүн билдирип, добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныганы үчүн Петро Порошенкону кубатташты. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) байкоочулары дүйшөмбү күнү Киевде баштапкы корутундусун жарыялашты.

- Украинада 2019-жылы өткөн президенттик шайлоо атаандаштык өкүм сүргөн жана жарандардын фундаменталдык эркиндигине урмат-сый көрсөтүлгөн шартта өттү. Бийликтин ырааттуу өткөрүлүп берилиши демократиялык институттарды бекемдөөгө жол ачат, - деп билдирди Киевде ЕККУнун байкоочулар миссиясынын төрагасы Георг Церетели.

21-апрелдеги шайлоодо урнага салынган бюллетендердин 99 пайызы саналып бүттү. Ага ылайык, куудул жана актер Владимир Зеленский жалпы добуштардын 73,2 пайызына, анын атаандашы, Украинаны соңку беш жылдан бери башкарып келе жаткан Петро Порошенко 24,4 пайызына ээ болду.

Зеленскийди бир катар дүйнөлүк лидерлер, алардын ичинде Германиянын канцлери Ангела Меркел, француз лидери Эммануэл Макрон, АКШнын президенти Дональд Трамп да куттукташты. Европа кеңешинин президенти Дональд Туск менен Еврокомиссиясынын жетекчиси Жон-Клод Юнкер Зеленскийге жөнөткөн биргелешкен куттуктоо катында жекшембидеги шайлоону «чоң жетишкендик» катары мүнөздөштү.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG