Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:00

Сооронбай Жээнбеков Шри-Ланканын президентине көңүл айтты


Шри-Ланкадагы теракттан кийинки имараттардын бири.
Шри-Ланкадагы теракттан кийинки имараттардын бири.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Шри-Ланканын президенти Майтрипала Сирисенага 300гө жакын кишинин өмүрүн алган кандуу окуяга байланыштуу көңүл айтты.

«Шри-Ланканын шаарларындагы жардыруулардан көптөгөн адамдардын курман болгону тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан бул жардыруунун кесепетинен каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, бардык жабыр тарткан адамдардын айыгып кетүүсүн каалайм», - деп айтылат мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында.

21-апрелде Шри-Ланканын борбору Коломбодогу жана анын тегерегиндеги шаарчалардагы чиркөө, мейманкана сыяктуу бир катар жайларда катар-катары менен тогуз жардыруу болгон. Андан 290 киши мерт болуп, 500дөй адам жаракат алды.

Христиандар Пасха майрамын белгилеп жаткан учурда болгон бул кол салуулар Шри-Ланкадагы он жыл мурда аяктаган жарандык согуштан берки эң кандуу окуя катары мүнөздөлүп жатат. Удаалаш жардыруулар боюнча кеминде 24 киши камакка алынды. (TSh)

XS
SM
MD
LG