20-апрелдеги Ооганстандагы жети киши каза тапкан чабуул үчүн «Ислам мамлекети» террордук тобу жоопкерчилик алганын жарыялады.
«Ислам мамлекетине» тиешелүү «Amaq» агенттиги Маалымат технологиялары жана байланыш министрлигинин кеңсесине террордук топтогу төрт киши чабуул койгонун кабарлады.
«Ислам мамлекети» радикал уюмунун Ооганстандагы тарапташтары Вилаят Хорасан деген ат менен белгилүү. Алар өлкөдө 2015-жылы пайда болгон.
Ооганстандын расмий органдары Маалымат технологиялары жана байланыш министрлигинин кеңсесинин оозунда жардыруу болгонун кабарлаган. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насрат Рахими куралдуу чабуулдан төрт жаран каза болуп, андан кийинки атышуулардан үч аскер өлгөнүн маалымдады. (TSh)