Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 16:52

Садыр Жапаровдун соту 30-апрелге жылды


Садыр Жапаровдун тарапкерлери кармаган сүрөт.

Экс-депутат Садыр Жапаровдун соту 30-апрелге жылды. Мындай чечимди Жогорку соттун соттук коллегиясы өздөрүнө карата адвокаттар ишеним көрсөтпөгөндөн кийин кабыл алды. Алар ишти башка судья алгандан кийин аны изилдөөгө убакыт керек боло турганын айтышты.

Отурумдун башталышында саясатчынын адвокаты Шарабидин Токтосунов соттун курамына, төрагалык кылган судьяга ишеним көрсөткөн эмес. Мурдагы ишти да ушул курам караган. Отурумга Садыр Жапаров өзү жеткирилген жок.

23-апрелде Жогорку сотто «Ата Мекен» партиясынын лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевдин соту да болот.

Соттук отурумдарга байланыштуу «Ата Мекен» жана Жапаров лидерлик кылган «Мекенчил» партияларынын мүчөлөрү бүгүн митингге чыгышты. Алар эки саясатчыны абактан бошотууну соттон талап кылышууда.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде камалган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл, алты айга кесилген. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG