Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Митингге чыккандар Атамбаевди камакка алууну талап кылышты


Сапар Аргынбаев Алмазбек Атамбаев менен Индира Жолдубаеванын сүрөтүн кармап турат. 23-апрель, 2019-жыл. Бишкек, Кыргызстан.
Сапар Аргынбаев Алмазбек Атамбаев менен Индира Жолдубаеванын сүрөтүн кармап турат. 23-апрель, 2019-жыл. Бишкек, Кыргызстан.

«Ата Мекен» партиясынын лидери, камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин, мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун жана экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митингинде экс-президент Алмазбек Атамбаевди, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеваны камакка алуу жөнүндө талап коюлду.

Муну Саясий туткундарды бошотуу комитетинин төрагасы Сапар Аргынбаев талап кылды:

- Атамбаев ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаевага таянып алып, отуздан ашык кишини саясий куугунтуктун негизинде камашты. Жыйынтыгында өздөрү Кыргызстанды тоноду, өзү Кыргызстандын эң бай адамы болуп отуруп алды. Ошондуктан Атамбаев камалсын, Сегизбаев камалсын, Жолдубаева камалсын!

Бишкекте чогулган «Ата Мекен» жана «Мекенчил» партияларынын миңден ашуун мүчөлөрү митингге чогулуп, партия лидерлери Өмүрбек Текебаевди, Садыр Жапаровду жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновду бошотууну талап кылышууда.

23-апрелде уланган Садыр Жапаровдун соту 30-апрелге жылдырылды. Текебаев менен Чотоновдун соту баштала элек. (ErN)

XS
SM
MD
LG