Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:33

ИИМ: Банкоматтарды талкалаган кылмыштуу топ кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, банкоматтарды талкалоо жана акча каражаттарын уурдоо менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Маалыматка караганда, банкоматтан ири өлчөмдө акча уурдоо фактысы дээрлик бардык облустарда катталган. Болжолдуу маалымат боюнча келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 9 млн. сомдон ашат. Кылмыштуу топтордун курамында мурда соттолгондор болгон, аларда кылмыштуу ойлорун ишке ашырыш үчүн колдонулган куралдар жана жабдыктар болгон.

Милициянын ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка тиешеси бар деп 30 жана 34 жаштагы эки жаран кармалды. Бирөөсүнүн машинесинен 990 миң сом, курал табылды. Экөө тең мурда «Уурулук» беренеси менен соттолгон.

Азыркы учурда кылмышка катышы бар башка шериктери да аныкталып, алардын жүргөн жерин аныктоо максатында ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG