Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:38

«GM Uzbekistan» Кыргызстанга «Ravon» сатууну жандантканын кабарлады


Өзбекстан чыгарган «Ravon 4» автоунаасы.
Өзбекстан чыгарган «Ravon 4» автоунаасы.

«GM Uzbekistan» компаниясы 22-апрелден тартып Кыргызстанга автоунааларды экспорттоону жандантты. Өзбекстандын «Узавтосаноат» акционердик коомунун расмий сайтындагы кабарга ылайык, коңшу өлкө «Ravon» бренди менен чыккан машинелерди сатыкка жиберет.

Ошондой эле «GM Uzbekistan» чыгарган автоунаалар Беларуска, Ооганстанга жана Тажикстанга да экспорттолот. Казакстандын Костанай шаарындагы «Сариарка Авто Пром» заводунда компания чыгара турган машинелердин тетиктери жыйылат.

2019-жылы «GM Uzbekistan» компаниясынын ишмердигинде экспорттун деңгээлин көтөрүү пландалган.

2018-жылы Орусия Өзбекстандан «Ravon» үлгүсүндөгү бир жарым миңге жакын автоунаа сатып алган. 2019-жылы сатып ала элек. 2017-жылдын май айынан 2018-жылдын мартына чейин Орусияга сатылган машинелерде техникалык мүчүлүштүк чыгып, завод ал автоунааларды артка кайтарып алган.

Өзбекстанга Шавкат Мирзиёев президент болгондон соң Кыргызстан менен алака-катыш жанданган. (SE)

XS
SM
MD
LG