Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:35

Кызыл-Омпол: Кыргызстан МАГАТЭге кайрылууну көздөп жатат


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Кыргызстан Кызыл-Омпол боюнча МАГАТЭ уюмуна да кайрылууну көздөп жатат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди:

- Комиссиянын алкагында экология маселесин, жарандарыбыздын ден соолугуна тийгизген таасирин, баарын карап, МАГАТЭге чейин кайрылуу жасап, чакырып, алардын корутундусун алып, чечимди ошого жараша чыгарабыз. Эгерде токтот десе токтотобуз. Бир гана маселе болот. Бул – 2010-жылдан бери иштеп, каражатын сарптаган компаниянын өзүнүн тагдыры кандай болот? Аны да чогулуп чечип, компанияга жооп беришибиз керек.

Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кениндеги чалгындоо иштерине байланыштуу өкмөттүк комиссия түзүлгөн. Ал 20-апрелде абал менен жерине барып таанышкан.

Кенди чалгындап жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» - Орусия менен Кыргызстандын биргелешкен компаниясы. Ал Кыргызстанда каттоодон 2004-жылы өткөн. 2010-жылы изилдөөгө лицензия алып, иштөө мөөнөтүн бир нече жолу узарткан. Ошол лицензиялардын бири менен уран казууга уруксат берилген.

Соңку күндөрү коомчулукта бул уран кенин иштетүүгө каршы маанай күчөдү.

«Кыргызстандагы ЮрАзиянын» өкүлдөрү 24-апрелде долбоор тууралуу азыр айтылып жаткан маалыматтардын 90% ашыгы жалган экенин, ага карабай компания Ысык-Көлдөгү уран казуу боюнча долбоорду токтоторун билдирди.

МАГАТЭ - атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик. (RK)

XS
SM
MD
LG