Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:23

Рустамов: Кызыл-Омполдо уран казылбайт (видео)


Өкмөттүк комиссия Кызыл-Омпол уран кенинде. 20-апрель, 2019-жыл.
Өкмөттүк комиссия Кызыл-Омпол уран кенинде. 20-апрель, 2019-жыл.

Ысык-Көл облусунун Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол кенинде уран казуу иштери жүргүзүлбөйт. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамов «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» телепрограммасына катышкан учурда билдирди:

«Кенди иштетүүнүн алдында коомдук талкуу өтүшү керек. Ушунча киши каршы чыгып аткандан кийин коомдук талкуу өтпөдү. Коомдук талкуудан өтпөгөндөн кийин мыйзам боюнча андан ары иштөөгө болбойт. Өкмөт ишти убактылуу токтотуу тууралуу чечим кабыл алды. Мен «биротоло токтош керек» деп айтып жатам. Компания жабдыктарынын баарын алып кетип атат. Бүгүн да өзүмдүн орун басарыма «мындан ары булар иштебейт» деп ачык айтып коюшун тапшырдым. Себеби, коомдук талкуудан баары бир өтпөйт экен».

​Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы маанай күчөгөндүктөн, өкмөт буга чейин анын иши убактылуу токтотула турганын кабарлаган.

Шаршембиде өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү кенди иштеткен «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын имараттары, техникалары атайын мөөр менен бекитилгенин жарыялады.

Маселе жергиликтүү тургундар «экологияга зыян келет» деген негизде уран кенин иштетүүгө бир нече жолу каршы акция өткөрүшкөндөн кийин коомчулуктун көңүлүн бурган. (NT)

XS
SM
MD
LG