Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:26

ЭВФ Иранда инфляция күчөшү мүмкүн экенин эскертти


Иран. Тегерандагы базар. Архив.
Иран. Тегерандагы базар. Архив.

АКШнын санкцияларына байланыштуу Ирандын экономикасы алты пайызга төмөндөп, инфляция 40 пайызга жетиши же андан ашышы мүмкүн экени Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) божомолунда айтылат.

Вашингтон былтыр ноябрда Ирандын мунайын экспорттоого санкция киргизген.

Өткөн аптада Ак үй беш мамлекетке Ирандан мунай импорттоого берилген убактылуу жеңилдикти токтотоорун жарыялагандан бери Тегеран менен Вашингтондун ортосунда кайым айтышуу күчөдү.

ЭВФтин Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия боюнча директору Жихад Азур 29-апрелде Ирандын экономикалык абалы ого бетер начарлашы ыктымал экенин жарыялады. Буга чейин АКШ тарап санкциялардан улам Тегеран мунайдан тапкан кирешенин 10 миллиард доллардан ашыгын жоготуп жатканын кабарлаган.

ЭВФтин эсебинде, чөлкөмдө Сауд Арабиясынан кийинки орунда турган Ирандын экономикасы 2018-жылы 3,9 пайызга төмөндөгөн.

28-апрелде Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф Тегеран Вашингтондун санкцияларды күчөтүү аракетине жооп катары Өзөктүк куралды жайылтпоо тууралуу эл аралык келишимден чыгышы мүмкүн экенин айтты.

АКШ Ирандын өзөктүк программасы боюнча Тегеран менен дүйнөнүн алты державасынын ортосундагы 2015-жылкы макулдашуудан былтыр май айында чыгып кеткен. Андан бери өзөктүк келишим кабыл алынгандан кийин токтотулган санкциялар кайра киргизиле баштаган.

XS
SM
MD
LG