Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:29

Жалал-Абадда Өзбекстандан келген ишкер аялдардын форуму өтүүдө


Өзбекстандык ишкер аялдардын форуму.
Өзбекстандык ишкер аялдардын форуму.

Анжиян облусунан жана Ташкент шаарынан келген ишкер аялдардын форуму Жалал-Абад шаарында өтүп жатат.

«Энелер — тынчтык элчиси» деген аталыш менен эки өлкөнүн биргелешкен иш-чарасы кечээ, 29-апрелде башталган. Анжиян облусунун губернаторунун орун басары Манзура Юнусова жетектеген 50дөн ашык делегацияны чек арадан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алышты. Эки күндүк иш-чаранын жүрүшүндө коңшу мамлекеттен келген ишкер аялдардын кол эмгеги жана Жалал-Абаддан чыгарылган товарлар жармаңкеге коюлуп, эки элдин маданият кызматкерлери концерт тартуулашат. Форум тажрыйба алмашуу максатында өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулуп жатат.

Быйыл апрель айында Ала-Бука районунун акими райондогу ишкерлер менен бирге Өзбекстандын Наманган облусунун Касан-Сай районуна эки күндүк иш сапары менен барган. Анда эки өлкөнүн ишкерлери жолугуп, тажрыйба алмашып кайткан болчу. (RsK)

XS
SM
MD
LG