Пара талап кылган «Бишкек башкы архитектуранын» бөлүм башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы (АКС) кабарлады.
29-апрелде УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында «Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик ишканасынын бөлүм башчысы К.М. 1500 доллар алып жаткан учурунда кармалган.
УКМКнын маалыматы боюнча кармалган адам Арча-Бешик жаңы конушунун жер участокторунун курулушуна уруксат берүүчү документтердин жоктугун билип туруп, тургундарды коркутуу менен 10 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылган. Анын эки миң долларын 2018-жылдын аягында алган.
Учурда материалдар Жазык кодексинин 326-беренеси 2-бөлүмүнүн 1-пункту боюнча сотко чейинки териштирүүнүн негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган кызматкер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. (KR)