Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:30

Бишкекте кыргыз-казак жаш депутаттар форуму өтүп жатат


Форумдун катышуучулары.
Форумдун катышуучулары.

Бишкекте Кыргызстан менен Казакстандын жаш депутаттарынын биринчи форуму өтүп жатат. Ага катышуу үчүн Казакстандан Жаш депутаттар ассоциациясынын мүчөлөрү, бизнесмендер, эксперттер, өкмөттүк эмес жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрү, жалпысынан 20дан ашуун адам келген.

Форум Астананын Дипломатиялык клубунун колдоосу менен уюштурулду.

Клубдун директору Кайырболат Сахметов “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, иш-чаранын башкы максаты – аймактар ортосундагы диалогду жана эки өлкө арасындагы саясий байланыштарды бекемдөө.

“Келечекте мындай жолугушууларды жыл сайын уюштурууну максат кылып жатабыз. Эки өлкө ортосундагы ишеним мамилесин бекемдөөгө жана Евразия экономикалык биримдигинин алкагында байланыштуу күчөтүүгө салым кошобуз деп үмүттөнөм. Келечекте бул Кыргызстан менен Казакстан гана эмес, жалпы Борбор Азия маселелерин камтыган аянтча болот” дейт Сахметов.

Форумдун жыйынтыгында кызматташтыктын “Жол картасы” иштелип чыгат. Казак тарап Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатындагы реформаларына, Жаштар парламентинин ишине кызыгууда.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда саясий мамиле 2017-жылы курчуп, кийин кайра оңолгон. (RK)

XS
SM
MD
LG