Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:02

Калиева: Батукаевдин иши боюнча сот чечими кайра каралат (видео)


Гүлбара Калиева.
Гүлбара Калиева.

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева «Азаттыктын» «Эки бир» программасында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча соттордун чечими кайра караларын билдирди.

- Батукаевдин иши боюнча азыр иликтөө жүрүп жатат. Эмненин негизинде, кандай бошотулду? Дарыгерлер кандай корутунду берди? Мына ушунун баарын кайра козгоп, иликтөө - бул саясий эрктин белгиси. Бул жерде жалаң эле судьяларды күнөөлөгөнгө болбойт. Себеби саламаттыгы жактан бошотуп жаткандан кийин буга дарыгерлердин жоопкерчилиги бар. Анткени дарыгер болбогондон кийин биз, судьялар, билбейбиз да. Эгер дарыгерлер «жаза өтөгөнгө болбойт» деп тыянак чыгарып беришсе, соттор ал боюнча чечим кабыл алууга милдеттүү. Бул иш боюнча соттун актылары кайрадан каралышы мүмкүн, - деди Калиева.

Быйыл 17-апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиевдин суроосуна жооп берип жатып Батукаевдин иши боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканын билдирген.

Оор кылмыштар үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде бошотулган. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG