Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:14

Кулматов менен Ибраимовдун соту уланат


Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматов.
Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматов.

Баш калаанын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматовдун, Албек Ибраимовдун жана алар менен кошо айыпталган 12 кишинин иши 2-майда Бишкектин Ленин райондук сотунда каралат. Бул тууралуу Бишкек шаардык соту маалымдады.

Күнөөсүн моюнга алып, ​тергөө менен кызматташа турганын билдирген «Дастан» ишканасынын мурдагы директору Юрий Васильевдин​ ишин өзүнчө бөлүп кароо жөнүндөгү өтүнүчтү​ буга чейин 30-апрелдеги жараянда судья Кубанычбек Касымбеков канааттандырган. Муну Албек Ибраимовдун адвокаты Сергей Слесарев мыйзамсыз деп баалаган.

Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов «мектеп курууга кеткен эки миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп күнөөлөнгөн.

Эки экс-мэрдин ишин бөлүп кароо боюнча адвокаттардын өтүнүчтөрү бир нече жолу канааттандырылган эмес. Аны бириктирип кароо тууралуу чечим 6-марттагы жараянда кабыл алынган. (ErN)

XS
SM
MD
LG