Кадамжайда Транспорт жана жолдор министрлигинин жүк ташуучу автоунаалардын салмагын жана габаритин көзөмөлдөөчү бекетинин инспектору миң сом пара менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.
Анда айтылгандай, ИИМдин Криминалдык кызматынын аймактык башкармалыгына Баткен облусунун аталган районундагы бекеттердин биринде мыйзамсыз акча чогултуу жүрүп жатканы тууралуу арыз түшкөн. Кызматкерлер жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларынан жөн гана посттон өтүү үчүн каражат сураганы көрсөтүлгөн.
Натыйжада текшерүү жүргүзүлүп, шектүү кызматкер колго түшкөн. Факт Жазык кодексинин 238-беренесинин («Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу») негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Ишти ИИМдин Тергөө кызматы иликтөөдө.
Кыргызстанда жүк ташуучу автоунаалардын салмагын жана габаритин көзөмөлдөөчү 24 бекет бар. Анын экөө Кадамжай районунда жайгашкан. (ErN)