1-майдан 2-майга караган түнү Казакстандын борбору Нур-Султан шаарынын соту ондогон адамды административдик жоопкерчиликке тартты. Анын ичинде «укук коргоо органынын өкүлүнө баш ийген жок» деп Алтынбек Орынтай уулу менен Алимжан Избасаров беш суткага камалды.
Адвокат Бауржан Азановдун айтымында, административдик жазага тартылгандардын көбүнө «укук коргоо органынын өкүлүнө баш ийген жок» деген айып коюлган. Сотто прокурор митингчилерди тароого чакырганда алар талапка баш ийбей койгону айтылган.
1-майда Казакстандын Нур-Султан, Алматы, Чимкент, Караганды шаарларында президенттик шайлоого бойкот жарыялоого чакырган, бийликтин жаңыланышын талап кылган жана социалдык маселелерди көтөргөн нааразылык акциялары өткөн.
Алар «Нур-Султан – менин борборум эмес, Токаев – менин президентим эмес, Дарига – менин спикерим эмес», «Уят!», «Бойкот!, «Менин тандоо укугум бар!», «Саясий туткундарга эркиндик», «Чал, кет!» деп ураан чакырышкан.
Ички иштер министрлиги Нур-Султан менен Алматы шаарларында 80дей адам кармалганын кабарлады. Ал эми канча адам административдик жоопкерчиликке тартылганы белгисиз. Укук коргоо органдары бул боюнча маалымат тарата элек.
Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо быйыл 9-июнда өтөт. Ага 8 талапкер катышканы турат. Арасында утурумдук президент Касым-Жомарт Токаев да бар.
Токаевдин талапкерлигин «Нур-Отан» партиясынын лидери, мурдагы президент Нурсултан Назарбаев бийлик партиясынын атынан көрсөткөн.