Венесуэланын оппозиция лидери жана парламент спикери Хуан Гуайдо укук коргоо органдары менен болгон кагылышта 27 жаштагы кыз жана 24 жаштагы жигит каза тапканын кабарлады.
«Бул токтошу керек. Киши өлтүргүчтөргө өз кылмыштары үчүн жооп бере турган мезгил келет» деп жазды ал «Твиттерге».
1-майда борбор шаар Каракаста нааразылык акциялары өтүп, укук коргоо органдары менен демонстранттар кагылышкан.
Маалыматтарга караганда, шейшембиде Каракастын чыгышындагы Франсиско Фахардо көчөсүндө өкмөттүк күчтөрдүн чопкутталган автоунаасы оппозициянын тарапкерлерине шаардын борборуна барууга жол берген жок. Катуу ылдамдыктагы автоунаа жардыргыч зат куюлган шишелерди ыргыткан активисттер тобун тебелетип кеткени айтылды.
Анын алдында Хуан Гуайдо президент Николас Мадурону бийликтен кулатуунун «акыркы баскычы» башталганын жарыялаган. Ал Венесуэланын жарандарын демонстрацияга чыгууга чакырган.
Венесуэлада январдын этегинен бери саясий кризис өкүм сүрүп турат. Парламент оппозициянын көзөмөлүндө. Хуан Гуайдо Мадуронун бийлигин «легитимсиз» деп эсептеп, өзүн өлкөнүн президенти катары жарыялаган. Аны 50дөн ашуун мамлекет, анын ичинде АКШ, Батыш, Бразилия жана Латын Америкадагы көптөгөн өлкөлөр «утурумдук президент» катары тааныган. Бирок Орусия, Кытай жана Куба колдоп, аскердик жана каржылык жардам көрсөтүп жаткан президент Николас Мадуро мамлекеттик органдарды башкарып келген.