Социалдык тармактардын колдонуучулары ушул күнгө чейин уран маселеси тууралуу өлкөнүн башчысы Сооронбай Жээнбеков өз пикирин билдирбей жатканына нааразы болуп, «Президент, үн кат!» («Президент, не молчи!» - ред.) акциясын башташты.
Бул тууралуу «Азаттыкка» акциянын демилгечиси Элери Битикчи билдирди:
- Балыкчыда башталган митингден бери уранды казууга каршы нааразылык маанайдын жаралышына бир айдай болуптур. Бирок дагы эле биз өзүбүздүн президентибиздин оюн уга элекпиз. Ошондуктан башка депутаттар да тиги жакты карап, үн чыгара албай жатышат. Бизде 7-майда уранды казууга каршы мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу болот. Ошого чейин пикирин билип алсак болмок. Уранды колдоп жатабы же «бул менин ишим эмес» деп жатабы? Коопсуздук маселеси президентке карайт да, ал эми радиация коопсуздугу, экономикалык коопсуздук да анык президенттин ыйгарым укугу. Ал да өзүнүн оюн айтыш керек.
Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Кызыл-Омпол кенинде уран чалгындоого каршы нааразылык акциялары уланып жатат. Бишкекте, Балыкчыда, Караколдо катар-катар митингдер өттү.
Өкмөт Кызыл-Омпол кени боюнча «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясына берилген лицензия кайтарылып алынганын, кенди иштетүүгө толук тыюу салынганын айткан. (KR)