Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 16:14

Казакстанда президенттикке талапкер тил сынагынан өткөн жок


Жуматай Алиев.

Борбордук шайлоо комиссиясы «Калк демографиясы» коомдук биримдиги көрсөткөн Жуматай Алиевди президенттик шайлоого талапкер кылып каттаган жок. Ага Алиевдин казак тили сынагынан өтпөй калганы себеп болду.

Ал сынакта «Мамлекет жана дин» деген темада дилбаян жазып, «Абай жолу» романынан үзүндү окуп, «Ырым алды - ынтымак» деген темада оюн айткан.

Комиссия мүчөсү Адил Ахмедовдун айтымында, ал дилбаянды үстүрт жазып, 13 сүйлөмдө 19 ката кетирген. «Абай жолун» да «жакшы окуп бере алган эмес».

67 жаштагы Жуматай Алиев – президент болууну самагандардын ичинен «казак тилин билбейт» деген чечим чыгарылган жалгыз адам.

Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо быйыл 9-июнда өтөт. Ага 7 талапкер катышканы турат.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG