Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 16:43

Жогорку сот Текебаевдин ишин бир вариант менен карайт


Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов.

Жогорку соттун соттук коллегиясы «Ата Мекен» партиясынын лидери, түрмөдөгү саясатчы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра кароону бүгүн улантат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Текебаевге юридикалык көмөк көрсөтүп жаткан «Адилет» укуктук клиникасынын юристи Тимур Султанов билдирди.

Адвокат жаңы жагдай катары Жазык жана Жазык-процессуалдык кодекстеринин жаңы редакциясы ишке киргенин атады. Ал актыларга ылайык соттолуучулардын жаза мөөнөтү кыскарышы мүмкүн.

Султанов калган жагдайлар боюнча жүйөлөр сотто каралар-каралбасы белгисиз экенин жана ал соттун чечиминен көз каранды болорун кошумчалады.

Мунун алдында Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева «Азаттыкка» курган маегинде Өмүрбек Текебаевдин иши үч вариантта каралышы мүмкүн экендигин айткан. Ал, мисал катары биринчиси - мыйзамдардын жаңы редакциясынын ишке киришин, экинчиси - өкүм чыккан соттук отурумдарда белгисиз жагдайлардын жаңыдан ачылышын жана үчүнчүсү - боштондукка чыгуу мөөнөтүн эсептөө жараянын келтирген.

«Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолгон. Алардын адвокаттары 2018-жылы ишти жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо тууралуу өтүнүч жиберип, Башкы прокуратура андан баш тарткан.

Жаңы мыйзамдардын ишке киришине байланыштуу “Адилет” укуктук клиникасы быйыл 15-февралда ишти кайра кароо өтүнүчүн Жогорку сотко жолдогон. Бул боюнча биринчи отурум 23-апрелде өткөн. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (15)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG