Жогорку сотто "Ата Мекен" партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин иши каралууда.
Жактоочу Кемелбек Жаныбеков саясатчылар Текебаев менен Чотоновдун иши жаңы мыйзамдарга ылайык каралышы керек экенин белгиледи. Үй-мүлкүн конфискация кылуу боюнча чечимди да жаңы мыйзам менен кароону суранды.
Жаңы мыйзам боюнча үй-мүлкүн конфискация кылуу үчүн айыпкердин ишке тиешеси бар экени аныкталышы керек.
Адвокат Жаныбеков буга чейинки инстанциядагы чечимдердин баарын жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөтүүнү суранды.
Мамлекеттик айыптоочу жогорудагы жактоочулардын өтүнүчү менен макул эместигин айтып, буга чейин ишке юридикалык баа берилгенин билдирди. Жаңы мыйзам тескерисинче Текебаев менен Чотоновдун жазасын оорлоторун айтты. Соттук коллегия кеңешүү бөлмөсүнө кирип кетти.
«Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолгон. Алардын адвокаттары 2018-жылы ишти жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо тууралуу өтүнүч жиберип, Башкы прокуратура андан баш тарткан.
Жаңы мыйзамдардын ишке киришине байланыштуу “Адилет” укуктук клиникасы быйыл 15-февралда ишти кайра кароо өтүнүчүн Жогорку сотко жолдогон. Бул боюнча биринчи отурум 23-апрелде өткөн. (TSh)