Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:10

Премьер-министр табигый кырсыктардын алдын алууну тапшырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жазында көп катталган түрдүү табигый кырсыктардан коргонуу жана алдын алуу боюнча жыйын өткөрүп жатып билдирди. Премьер-министр жазында күчөгөн нөшөрлүү жаандан улам пайда болуучу сел, суу ташкыны жана жер көчкү сыяктуу табигый кырсыктардын алдын алуу үчүн эл жашаган аймактарда көрүлүүчү чараларды күчөтүүнү тапшырды.

"Эң биринчиден адамдардын коопсуздугу корголуусу керек", - деп белгилеген өкмөт башчы кооптуу аймактарда жашаган элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылчылыгын да кошумчалады.


Мындан тышкары өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев аймактарды өнүктүрүүдө санариптештирүү, таза суу менен камсыз кылуу жана көмүскө экономика менен күрөшүү тууралуу да сөз кылып, жергиликтүү аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнөн иштин натыйжасын талап кылды.

Кыргызстанда адам өлүмү менен коштолгон жер көчкүлөр бир нече жолу катталган. 2003-жылы Өзгөндө жер көчкү бир айылды басып калып, 40 адам набыт болгон. 2009-жылы Аксыда жүргөн жер көчкүдө Райкомол айылынын 16 тургуну набыт болгон, анын 11и жаш балдар болчу.

2017-жылы жер көчкү Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу-Сай айылында жети үйдү басып, 24 киши анын алдында калган. Беш күн бою жүргүзүлгөн издөө, казуу иштеринде сегиз кишинин сөөгү табылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG