Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:48

Иранда президенттин бир тууганы коррупция үчүн камалды


Хусеин Ферейдун.
Хусеин Ферейдун.

Ирандын президенти Хасан Роуханинин бир тууган иниси Хусеин Ферейдун 4-майда соттун чечими менен түрмөгө камалды. Бул тууралуу Ирандын маалымат каражаттары жазып чыгышты. Жарым-жартылай расмий болуп саналган «Mehr» жана ISNA агенттиктери маалымдагандай, сот чечимине нааразы тарап аны жокко чыгартууну көздөп жатат.

Президент Хасан Роуханинин иниси жана кеңешчиси Хусеин Ферейдун 2017-жылы кармалып, бирок көп өтпөй күрөө менен бошотулган.

Каршылаштары анын камалышын жана коррупциялык иштери үчүн сот жоопкерчилигине тартылышын талап кылышкан. Роуханинин тарапкерлери Ферейдундун иши президентти каралагысы келгендердин иши деп эсептей турганын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG