Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:49

Президент кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады


Президент Сооронбай Жээнбеков.
Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчы 5-май — эгемендүү Кыргызстандын тарыхында өзгөчө маанилүү күн экенин белгилеп, Баш мыйзам кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалын түптөгөнүн билдирген.

«Конституция — бул өзгөчө баалуулук, мамлекеттик жана жарандык биримдиктин символу. Негизги мыйзамда камтылган ченемдерди кыйшаюсуз аткаруу — сүйүктүү Мекенибиздин туруктуу өнүгүшүнүн кепили. Майрамыбыз кут болсун, урматтуу кыргызстандыктар!» деп жазылган президенттин куттуктоосунда.

Кыргызстандын Конституциясы 1993-жылы 5-майда кабыл алынган. Андан бери Баш мыйзам бир нече жолу өзгөртүлгөн.

Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча акыркы референдум 2016-жылдын 11-декабрында өткөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG