6-12-майда Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) «Өз сөзүңдү айт» деген ураан менен жол коопсуздугуна арналган жумалык өткөрүп жатат. Бешинчи жолу өтүп жаткан иш-чара коопсуздук куруна жана балдардын автоотургучуна арналат. Айдоочуларга, жүргүнчүлөргө машинеде бараткан балдардын коопсуздугу боюнча маалыматтар айтылып, кеп-кеңештер берилет.
«Жол коопсуздугу» коомдук уюму тараткан маалыматка караганда, машинеде коопсуздук курун тагынуу 45-50% жүргүнчүнүн өлүм коркунучун азайтып, 25% ар кандай жаракаттардын алдын алат. Ал эми Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму автокресло 80% балдардын өлүмүн азайта турганын билдирген.
Жолдогу кырсыктарды азайтуу, коррупцияны жоюу максатында «Коопсуз шаар» долбоору 12-февралдан тартып Бишкек шаарында иштей баштаган. Анын алкагында көчөлөрдүн кесилиштерине камералар орнотулууда. Долбоорунун алкагында жалпы өлкө боюнча 314 көзөмөл камера-комплекстери орнотулат. 2019-жылдын аягына чейин республиканын бардык аймагында иштей баштайт. (КЕ)