Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:30

Жээнбеков Кыргызстандын атынан Путинге көңүл айтты


Күйүп кеткен учак.
Күйүп кеткен учак.

Президент Сооронбай Жээнбеков Москвадагы учак кырсыгына байланыштуу Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путинге көңүл айтты.

«Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтуу менен, бардык жабыркагандардын тез айыгып кетишин каалоомду жеткирип коюуңузду өтүнөм. Орду толгус аза кайгысын тең бөлүшөбүз», - деп белгиленди мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

5-майда «Аэрофлот» компаниясынын учагы Москванын «Шереметьево» аба майданында кырсыкка кабылды. Орусиянын Тергөө комитети «Sukhoi Superjet» учагындагы 41 адам, анын ичинде бир экипаж мүчөсү каза тапканын ырастады. Москвадан Мурманскиге жөнөгөн учактын ичинде жалпысынан 78 адам - беш экипаж мүчөсү жана 73 жүргүнчү бараткан.

XS
SM
MD
LG