Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:54

Ош шаардык сотунда прокурордун өлүмүнө байланыштуу ишти кароо уланат


Маркум Анарбай Мамажакыпов менен акыркы ирет сүрөткө түшкөндөр.
Маркум Анарбай Мамажакыпов менен акыркы ирет сүрөткө түшкөндөр.

Ош шаардык сотунда Баткенде киши колдуу болгон прокурор Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө байланыштуу ишти кароо уланат. Бул тууралуу кылмышка шектүү Мелис Калыковдун апасы Гүлбара Абдирашитова «Азаттыкка» кабарлады.

Буга чейин Калыковдун бир тууган эжеси Дарика Калыкова сот адилетсиз жүрүп, айыпталуучулардын өтүнүчтөрү кабыл алынбай жатканына нааразы болгон.

Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 18-ноябрда Баткендеги тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон. Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында. (КЕ/MdN)

XS
SM
MD
LG