Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:04

Мьянмада соттолгон «Рейтердин» кабарчылары мунапыс менен бошотулду


«Reuters» агенттигинин кабарчылары Ва Лон менен Соэ Оо.
«Reuters» агенттигинин кабарчылары Ва Лон менен Соэ Оо.

«Reuters» маалымат агенттигинин эки журналисти, 32 жаштагы Ва Лон менен 28 жаштагы Соэ Оо 1,5 жыл камакта отургандан кийин президент кол койгон мунапыска ылайык бошотулду.

Алар Мьянмадагы мамлекеттик күчтөрдүн рохинжа мусулмандарынын толкундоолорун баскан окуялар тууралуу жазган материалдарында «мамлекеттик сырды ачыкка чыгарган» деп жети жылга соттолгон. Алардын камалышын Бириккен Улуттар Уюму, Европа Биримдиги жана башка эл аралык уюмдар сындаган.

23-апрелде Жогорку сот аларды жети жылга соттогон мурдагы өкүмдү күчүндө калтырган. Кабарчылар президенттин 6520 кишиге ырайым берген чечими менен бошотулду.

2017-жылдын августунда Мьянмада «Рохинжаларды коргоо боюнча аракан армиясы» деп аталган топ полиция кызматкерлерине кол салып, бир канча адамды өлтүргөн. Буга жооп кылып, өкмөттүк аскерлер Ракхайн штатында аскердик операция жүргүзгөн. Андагы куралдуу кагылышуудан кийин Мьянмадан 700 миңден ашуун рохинжа мусулмандары коңшулаш Бангладешке өтө качкан. Кандуу окуяны Бириккен Улуттар Уюму «улутка кыргын салуу» деп баалап, жергиликтүү бийликти сынга алган. Журналисттер өз материалдарында ушул окуялар тууралуу жазышкан.

XS
SM
MD
LG