Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:34

Башкы прокуратура Атамбаевдин арызы боюнча териштирүү баштады


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Башкы прокуратура өлкөнүн Юстиция министрлигине карата экс-президент Алмазбек Атамбаевдин доо арызын канааттандырып, Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алды.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Атамбаев жетектеген Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов билдирди:

- 17 күн өткөндөн кийин реестрге киргизишти. Жаңы кодекс боюнча реестрге кирди деген мурдагыча айтканда кылмыш иши козголду дегенди түшүндүрөт. «Юстиция министрлиги партиябыздын «төрагасы» деген жерге башка адамдын аты-жөнүн жазып койгону мыйзамсыз» деп кайрылган болчубуз.

Турдукуловдун айтымында, Атамбаевдин арызында Юстиция министрлигинин кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы, документтерди алмаштырып койгону жазылган.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бул тууралуу маалымат такталып жатканын билдирди.

Юстиция министрлиги Атамбаев төрагалык кылган партиянын лидери катары Сагынбек Абдрахмановду каттаган жана партиянын дареги да өзгөртүлгөн. Абдырахманов ага чейин «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеген. (RK)

XS
SM
MD
LG