Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:50

Көкбөрү: «Достук» менен «Ынтымак» кайрадан финалда


«Достук» жана «Ынтымак» командалары.
«Достук» жана «Ынтымак» командалары.

Ушул күндөрү Чолпон-Ата шаарында 9-май - Жеңиш күнүнө карата өтүп жаткан республикалык турнирде жогорку лиганын командаларынын арасында финалисттер аныкталды.

Таластын «Ынтымак» командасы жарым финалда Чүйдүн «Сары-Өзөн Рассвет» командасынын улакчыларын 8:0 эсебинде утуп алды. Ал эми экинчи жупта Оштун «Достук» командасы Чүйдүн «Сары-Өзөн» командасынын оюнчуларын 10:4 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.

Буга чейин биринчи лигада Ысык-Көл облусунан «Көл-Төр» менен Талас облусунан «Кара-Буура» командалары финалга жолдомо алышкан.

Биринчи орун үчүн оюндар 9-май күнү өтөт. Бул турнирди Көкбөрү федерациясы уюштуруп жатат. (SDz)

XS
SM
MD
LG