Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:46

Жети-Өгүздө Улуу Жеңиш күнүнө карата эстелик орнотулду


Ак-Дөбө айылынын ардагерлери. 8-май, 2019-жыл.
Ак-Дөбө айылынын ардагерлери. 8-май, 2019-жыл.

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Дөбө айылында жергиликтүү тургундардын жана бийлик өкүлдөрүнүн демилгеси менен Экинчи дүйнөлүк согушта каза болгондордун элесине арналган эстелик орнотулду.

Эстеликтин ачылышына өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Согуштан курман болгондор эскерилип, жаңы ачылган эстеликке гүл коюлду.

Ысык-Көл облусу боюнча согушка катышкан 26 ардагер калды.

Жалпы Кыргызстанда 1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка катышкандардын саны 340тын тегерегинде.

9-майда Улуу Жеңиш майрамы белгиленет. (AsM)

XS
SM
MD
LG