Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:01

Көкбөрү: «Сары-Өзөн» жогорку лигада 3-орун алды (видео)


«Сары-Өзөн» командасынын оюнчулары.
«Сары-Өзөн» командасынын оюнчулары.

Улуу Жеңиш күнүнө карата Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көкбөрү боюнча республикалык турнирде жогорку лигада 3-орунду Чүйдүн «Сары-Өзөн» командасы алды.

Бүгүн, 8-майда 3-орун үчүн болгон беттеште «Сары-Өзөн» оюнчулары Чүй облусунун дагы бир «Сары-Өзөн Рассвет» командасын 3:1 эсебинде жеңди.

Көк бөрү (Жогорку-лига, 3-орун үчүн беттеш): “Сары-Өзөн” – “Рассвет” 3:1. 8-май, 2019-ж. Чолпон-Ата шаары.

Жеңиш күнүнө карата уюштурулган республикалык көкбөрү турнири биринчи лига менен жогорку лигадагы командалар арасында өтүп жатат. Биринчи лигадагы оюндарга 16, жогорку лигадагы оюндарга 6 команда бөлүнгөн.

Финалдык оюндар эртең, 9-майда өтөт.

Биринчи лигада баш байге үчүн Ысык-Көлдүн «Көл-Төр» жана Таластын «Кара-Буура» командалары ойнойт. Командалардын беттеши саат 11:00дө башталат.

Жогорку лиганын финалында Таластын «Ынтымак» жана Оштун «Достук» командалары таймашат. Оюн саат 15:30да башталат.

Бүгүн, 8-майда түшкө чейин биринчи лигада 3-орун үчүн Таластын «Алкан-Ата» жана Нарын облусунун «Ат-Башы» командасы беттешип, 3:0 эсебинде таластыктар жеңишке жетти. Бул оюндан кийин жогорку лигада 5-6-орун үчүн Бишкектин «Көк-Жал» жана Таластын «Бакубат» командалары беттешип, 3:5 эсебинде «Бакубат» командасы жеңишти колго алды.

Көкбөрү боюнча республикалык турнирдин 8-9-майда болгон оюндарын «Азаттык» социалдык тармактагы баракчалары аркылуу түз эфирде чагылдырат. Оюндарды «YouTube» видеопорталындагы «Azattyk» жана «Фейсбуктагы» «Kyrgyz Azattyk Unalgysy», «Azattyk Media» баракчаларынан көрсөңүз болот. (SDz/Ech)

XS
SM
MD
LG