Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Бразилия соту экс-президентти камоону чечти


Мишел Темер.
Мишел Темер.

Бразилиянын мурдагы президенти Мишел Темер ири коррупциялык жаңжалга байланыштуу камакка алынышы керек. 9-майда Рио-де-Жанейронун апелляциялык соту ушундай чечим чыгарды.

78 жаштагы Темер ушул эле иш боюнча мартта кармалып, бир нече күндөн кийин бошотулган.

2018-жылдын соңунда президенттик мөөнөтү аяктаганына байланыштуу кызматтан кеткен Темер «ири өлчөмдө пара алган», «арам акчаны адалдаган» деп шек саналууда.

Ушул эле иш боюнча Бразилиянын дагы бир мурдагы президенти Луис Лула да Силва 12 жылга эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG