Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгынын мурдагы башчысы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевдин жана анын ата-энесинин мүлкүнө байланыштуу кошумча маалыматтарды жарыялады.
11-майда таратылган билдирүүдө Дамир Мусакеев журналисттерге ачык көрсөткөн жер тилкелер жана үйлөр - анын жакын туугандарына катталган мүлктөрдүн бир бөлүгү гана экени айтылат.
Башкы прокуратура төмөнкү негиздерди келтирди:
"Мусакеевдин атасы айлыгы аз, жөнөкөй кызматкер болгон. Жеке ишкерлик менен алектенген эмес, бирок ага баасы 4 миллион 486 миң сомго тете 7 кыймылсыз мүлк - эки батир, үч жер тилке, турак жай, жана соода дүкөнү катталган.
Апасы көп жыл Бөкөнбаев айылында тууганынын дүкөнүндө унаа калдыктарын сатып иштеген. Учурда 2014-2015-жылы салынган жеке менчик дүкөндү иштетет. Бизнеси чакан болгонуна карабай, ага 2 миллион 791 миң сомго бааланган үч мүлк - жер тилке, турак жай жана дүкөн катталган".
Башкы көзөмөл органы УКМКнын кызматтык батирлерин мыйзамсыз бөлүштүрүү боюнча кылмыш иши козголгондон кийин Мусакеев Ысык-Көлдөгү 8,8 миллион сомдук коттежди жана Бишкектеги элиталык батирди (4 миллион 290 миң сом) туугандарына өткөрүп койгонун белгиледи.
Ошондой эле маалыматта Мусакеевдин агасына (атасынын тууганы) төрт мүлк катталганы, үчөө 2018-жылы сатып алынганы, жалпы баасы 9 миллион 375 миң сом экени айтылат.
8-майда Башкы прокуратура Интернетте «Мусакеевдин байлыгы» деп жарыяланган кыймылсыз мүлк 2010-2017-жылдары сатылып алынып, анын ата-энесине, тууганына катталганын, жалпы наркы 20 миллион сомдон ашарын билдирген.
Дамир Мусакеев муну куру доомат деп, 10-майда өзүнүн жана ата-энесинин мүлкүн журналисттерге көрсөткөн.