12-майда Кубанын ордо шаарында кумсалардын укуктарын коргогон жүздөй киши уруксат берилбеген жүрүшкө чыккан. Полиция парадды токтотуп, үч активистти камакка алды.
Демонстранттар өкмөттүн гомофобияга каршы парадды өткөрүүгө тыюу салганына нааразылыгын билдирип чыгышкан.
Параддын катышуучулары Гаванадагы негизги бульварлардын бирине баратканда аларды көп сандагы полиция жана коопсуздук күчтөрү токтотушкан.