Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:49

Израилде «Eurovision-2019» башталды


«Eurovision-2019» ыр таймашынын мелдеши.
«Eurovision-2019» ыр таймашынын мелдеши.

Израилде эл аралык «Eurovision-2019» ыр таймашы 12-майда расмий башталды. 41 өлкөнүн делегациясы Тел-Авивдеги Габима театрынын аянтына салынган кызгылт килемден өтүштү.

Сынактын биринчи жарым финалы 14-майда, экинчи жарым финалы 16-майда болот. Финалга чыккандар 18-майда күч сынашат.

Израилдин маалымат каражаттары Тел-Авивде коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн кабарлашты. Калааны бир апта бою 20 миң полиция кызматкери кайтарат. Сынактын бардык иш-чараларына курал менен кирүүгө тыюу салынды.

«Eurovision» сынагы 1956-жылдан бери такай уюштурулуп келаткан популярдуу шоу болуп саналат. Былтыр израилдик Нетта уткан. Эрежеге ылайык, кайсы ырчы жеңсе, кийинки сынак ошонун мекенинде уюштурулат. «Eurovision» шоу таймашынын тарыхында Израил төрт жолу жеңишке жеткен.

Быйылкы сынак «Тартынбай кыялдан» деген ураан менен өтөт. (SE)

Тел-Авивдеги ачылыш аземи:

XS
SM
MD
LG