Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:01

«Дордой» менен «Истиклол» Бишкекте беттешет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Дордой» футбол клубу бүгүн, 15-майда Тажикстандын «Истиклол» командасы менен Бишкекте беттешет. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат сегизде башталат. Эки клуб 1-майда Дүйшөмбү шаарында күч сынашып, «Дордой» утулган.

Беттеш Азия футбол конфедерациясынын (АФК) кубогунун алкагында өтөт. АФК кубогунун группалык оюндарында «Дордой» «D» тайпасында Түркмөнстандын «Алтын-Асыр», Тажикстандын «Истиклол» жана «Хужанд» командалары менен ойноп жатат.

Кыргызстандын чемпиону - «Дордой» клубу тайпада акыркы орунда баратат. АФК кубогунун «D» тайпасындагы оюндары 26-июнда жыйынтыкталат. (SE)

XS
SM
MD
LG