Аскер прокуратурасы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгынын мурдагы башчысы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевди суракка чакырды. Бул тууралуу КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Маалыматка караганда, прокуратура Мусакеевди бүгүн, 15-майда саат 15:00гө чакырган.
8-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Дамир Мусакеевге карата сотко чейинки өндүрүш башталганын кабарлаган. Ошондой эле Интернетте «Мусакеевдин байлыгы» деп жарыяланган кыймылсыз мүлк 2010-2017-жылдары сатылып алынып, анын ата-энесине, тууганына катталганын, жалпы наркы 20 миллион сомдон ашарын билдирген.
Дамир Мусакеев муну куру доомат деп, 10-майда өзүнүн жана ата-энесинин мүлкүн журналисттерге көрсөткөн. (КЕ)