Баткенде Айдаркен сымап комбинатынын жумушчулары мөөнөтсүз нааразылык акциясын башташты. Бул тууралуу «Азаттыкка» комбинаттын кесиптик кошуунунун төрагасы Тайир Мурзарахматов билдирди.
Анын айтымында, жумушчулардын айрымдары айылдык кеңештин, Айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо агенттигинин комбинатты жабуу аракетине каршы болуп жатышат.
- Бул жерде жумушту алып кетүүгө депутаттар, Айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо агенттигинин адамдары бут тосуп жатат. Эл аралык уюмдан акча алып, комбинатты жабууга аракет кылып жатышат. Айдаркен өрөөнүндө 50 миңден ашуун эл жашайт. Жасай турган жумуш жок. Жаштардын баары миграцияда, - деди Тайир Мурзарахматов.
Анын айтымында, комбинаттын 20дан ашуун жумушчусу 13-майдан бери акция өткөрүп жатат.
Баткенде дээрлик 10 жыл токтоп турган Айдаркен сымап комбинатынын шахтасы жана кен байытуучу фабрикасы 2018-жылдын жаз айынан тартып кайрадан иштей баштаган.
2017-жылы кыргызстандык «Северстайл» компаниясы сымап комбинатын иштетүүгө бел байлап, инвестор болгон. Адистер шахтада 30 жылга жете турган сымап менен сурма запасы бар экенин айтышууда.
Айдаркен сымап комбинаты Кыргызстанга Украинадан шашылыш түрдө 1941-жылы көчүрүлүп келген. Алгач металл эритүүчү мештер ачык асман астында ишин баштап, кийин дүйнөдөгү сымап өндүрүүчү ири комбинатка айланган. (КЕ)