Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:58

«Роскосмостун» жогорку даражалуу өкүлү өлкөдөн чыгып кетти


«Союз» космос кемеси «Восточный» космодромунан метеорологиялык жандоочту учурууда. Орусия. 27-декабрь, 2018-жыл.
«Союз» космос кемеси «Восточный» космодромунан метеорологиялык жандоочту учурууда. Орусия. 27-декабрь, 2018-жыл.

Орусиянын космос агенттиги «Роскосмостун» жогорку даражалуу кызматкери Юрий Яскин ал башында турган институтта текшерүү жүрүп жаткан кезде өлкөдөн чыгып кеткени кабарланууда. Орусиянын маалымат каражаттары Яскин апрель айында «Роскосмос» тарабынан чет өлкөгө жумуш боюнча жиберилип, ошол бойдон кайтпаганын жазышты.

«Роскосмоско» караштуу Космос технологияларын иликтөөчү илимий институттун кызматкерлери борбордун башкы директору Яскин чет жакка чыгып кеткенден кийин гана кызматтан кетүү тууралуу арыз бергенин ырасташты.

Яскин аталган илимий иликтөөчү институтта 1993-жылдан бери иштеп келген жана анын башына 2012-жылы дайындалган.

2019-жылдын башынан тартып институтта 14 өз алдынча текшерүү башталган. Яскин кайда экени так белгисиз. «Коммерсантъ» басылмасы аны жакында Грекиядан көрүшкөнүн жазды.

XS
SM
MD
LG