Линктер

жекшемби, 19-май, 2019 Бишкек убактысы 20:33

Путин: Трамп менен жолугушум мүмкүн


Орусиянын президенти Владимир Путин. 15-май, 2019-жыл. Сочи.

Орусиянын президенти Владимир Путин кийинки айда Жапонияда өтө турган «Чоң жыйырманын» саммитинин алкагында АКШнын лидери Дональд Трамп менен жолугушу мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу орус лидери 15-майда Кара деңиздин боюндагы Сочи курорттук шаарында Австриянын президенти Александр Ван дер Беллен менен жолуккандан кийинки басма сөз жыйынында билдирди.

Путин АКШнын ички саясий шарттары жол берери менен Москванын жана Вашингтондун алакасын жакшыртууга толук даяр экенин кошумчалады:

- Биз алакаларды жакшыртууга даярбыз. Бирок кеп биз жөнүндө эмес, америкалык өнөктөштөрүбүз тууралуу болуп жатат. Алар качан даяр болгондо, алардагы ички саясий кырдаал кызматташууга мүмкүнчүлүк түзө тургандай болуп өзгөргөндө биз даярбыз.

Буга чейин Трамп да Путин менен саммитте жолугууну боолголоп жатканын айткан.

14-майда Путин АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеону кабыл алып жатып, Вашингтон менен Москванын ортосундагы байланыштар «толугу менен калыбына келээрине» үмүттөнөрүн жана Трамп деле ушуну көздөйт деп эсептей тургандыгын айткан.

Кийинчерээк президенттин жардамчысы Юрий Ушаков эгер расмий сунуш болсо, Путин Трамп менен жолугууга ачык экенин, бирок Москва азырынча Кошмо Штаттардан расмий кат ала элек экенин айткан.

Трамп менен Путин 2018-жылдын июль айында Финляндияда жолугушкан.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG