Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:06

Бишкек-Шаржа багытына түз авиакаттам ачылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Air Arabia» авиакомпаниясы 4-июлда Бириккен Араб Эмираттарынын Шаржа шаарынан Бишкекке туруктуу түз каттам жүргүзө баштайт. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, каттам жумасына төрт жолу болот.

Шаржа-Бишкек каттамы өкмөттүн 2013-2023-жылдарга туризмди өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашууда.

Кыргызстандан ушул тапта Орусиянын бир канча шаарына, Түркиянын Стамбул, Анталия шаарларына, Өзбекстандын, Казакстандын борборлоруна жана Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарына түз каттамдар бар.

XS
SM
MD
LG